# 8-берене. Купуялуулук принциби

- Документ: [Медиация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 256 "Медиация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 256
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5683/edition/40509/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034356/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медиация жөнүндө, 8-берене (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-8

---

1. Медиацияны жана медиациялык маалыматтык жолугушууну жүргүзүүдө медиацияга тиешелүү бардык маалыматтын купуялуулугу сакталат.

2. Медиатор, медиация борборунун кызматкерлери медиациялык маалыматтык жолугушууну жана (же) медиация жол-жобосун өткөрүү процессинде аларга белгилүү болуп калган маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү. Бул милдет ишин токтотуп турган же токтоткон медиаторго дагы жайылтылат.

3. Эгерде медиация жүргүзүү жөнүндө келишимде башкасы каралбаса, медиациянын тараптары медиация процесси менен байланышкан маалыматтарды ачыкка чыгарууга укуксуз.

4. Медиатор, медиация борборунун кызматкерлери медиациялык маалыматтык жолугушуунун жана медиация жол-жобосун өткөрүүнүн жүрүшүндө аларга белгилүү болуп калган маалыматтар жөнүндө күбө катары суракка алынышы мүмкүн эмес.

5. Ушул берененин 6-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, медиатордон жана медиация борборунан медиациялык маалыматтык жолугушууга жана (же) медиация жол-жобосуна тиешелүү маалыматты талап кылууга тыюу салынат.

6. Купуялуулук принциби төмөнкүдөй учурларда жайылтылбайт:

1) адамдын өмүрүн же ден соолугун коргоо же эркиндигин камсыз кылуу же болбосо баланын эң мыкты кызыкчылыктарын коргоо зарыл болгондо;

2) экинчи тарап медиациялык макулдашууну түзүү фактысын талашкан же танган учурда аталган фактыны тастыктоо үчүн маалымат берилгенде;

3) медиациялык макулдашуунун мазмунун ачыкка чыгаруу аны ыктыярдуу же мажбурлоо тартибинде аткаруу үчүн зарыл болгондо, бул тууралуу медиациялык макулдашууда түздөн-түз көрсөтүлүүгө тийиш;

4) укуктук же тартиптик талаш-тартыш маалыматты ачыкка чыгарган адамга каршы багытталганда жана медиация процессинен келип чыкканда, мында көрсөтүлгөн маалыматты жайылтуу аталган адамдын укуктук кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болгондо.

7. Медиация тарабы же кылмыш-жаза иши өндүрүшүнүн, соттук же бейтарап териштирүүнүн алкагында медиация жол-жобосуна катышкан кандай болбосун жак төмөнкүлөрдү далил катары келтирүүгө жана өзүнүн күбө катары көрсөтмөсүндө аларга шилтеме жасоого укуксуз:

1) тараптардын биринин медиация жол-жобосуна кайрылуу жөнүндө сунушуна же тараптардын биринин медиацияга катышууга даярдыгына;

2) медиациянын тараптарынын бири талаш-тартышты мүмкүн болгон жөнгө салуу боюнча айткан пикирлерге же сунуштарга;

3) медиациянын жүрүшүндө тараптардын бири жасаган билдирүүлөргө же моюнга алууларга;

4) талаш-тартышты медиация аркылуу жөнгө салуу жөнүндө медиатор тарабынан берилген сунушту кабыл алуу фактысына;

5) медиация максаттарында гана даярдалган документке.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-9)
