# 7-берене. Медиатордун бейтараптыгы принциби

- Документ: [Медиация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 256 "Медиация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 256
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5683/edition/40509/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034356/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медиация жөнүндө, 7-берене (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-7

---

1. Медиатор медиациянын тараптарына карата бейтарап жана медиациянын тараптарына, мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына, башка жеке жана юридикалык жактарга көз каранды эмес.

2. Медиатордун бейтараптыгына таасир тийгизүүчү жагдайлар болгон учурда ал баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен медиация жүргүзүүдөн баш тартууга тийиш.

3. Медиатор өзү медиатор болгон талаш-тартыш же кылмыш-жаза иши боюнча соттук же бейтарап териштирүүдө тигил же бул тараптын өкүлү же жактоочусу боло албайт.

4. Медиатор медиациянын тараптарына чыр-чатактын (талаш-тартыштын) маңызы боюнча чечим кабыл алуу боюнча консультацияларды жана сунуштарды берүүгө укуксуз.

5. Медиатор медиациянын тараптарынын ортосундагы чыр-чатактын (талаш-тартыштын) маңызы боюнча чечим кабыл ала албайт.

6. Медиатор медиациянын тараптарына медиация жүргүзүүнүн жана анын жыйынтыктарын тариздөөнүн тартиби боюнча консультацияларды жана сунуштарды берет.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-8)
