# 6-берене. Медиациянын тараптарынын өзүн-өзү аныктоосу жана тең укуктуулугу принциби

- Документ: [Медиация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 256 "Медиация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 256
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5683/edition/40509/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034356/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медиация жөнүндө, 6-берене (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-6

---

1. Эгерде медиация чөйрөсүндөгү мыйзамдарда башкасы каралбаса, жеке жана (же) юридикалык жактар, ишкердик ишти жүзөгө ашырган жактар же адамдар тобу медиаторду (медиаторлорду) же медиация борборун өз алдынча тандайт.

2. Медиациянын тараптары талкуулануучу маселелердин тизмегин, чыр-чатакты (талаш-тартышты) жөнгө салуунун варианттарын, медиациялык макулдашуунун мазмунун, аны аткаруунун мөөнөттөрүн жана ыкмаларын, ошондой эле чыр-чатак (талаш-тартыш) жана медиация жүргүзүү боюнча башка маселелерди өз алдынча аныктайт.

Медиациянын башка катышуучулары медиациянын тараптарына консультацияларды жана сунуштарды бере алат, бирок чечимди медиациянын тараптары гана кабыл алат.

3. Медиациянын тараптары медиация жүргүзүүдө жана өз ара алгылыктуу макулдашууну иштеп чыгууда бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-7)
