# 34-берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүндөгү жана жазаларды аткаруудагы медиация

- Документ: [Медиация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 256 "Медиация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 256
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5683/edition/40509/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034356/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медиация жөнүндө, 34-берене (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-34

---

1. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүндөгү жана жазаларды аткаруудагы медиация Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинде жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

2. Медиациянын тараптары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) жабырлануучу;

2) кылмыш жасоого шектүү же айыпталуучу;

3) кылмыш-жаза жана жаза аткаруу мыйзамдарында каралган учурларда, соттолгон, жазасын өтөп жаткан.

3. Макулдашууга жетише албаган учурда медиацияга катышуу фактысы айыптоодон баш тартуу, күнөөнү моюнга алуу же тараптардын процессуалдык укуктарын чектөө үчүн негиз катары каралышы мүмкүн эмес.

4. Тергөөчү, прокурор, судья, жаза аткаруу тутумунун жана пробация органынын кызматкери, ошондой эле тараптардын биринин кызыкчылыктарын жактаган адвокат медиатор катары чыга албайт.

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-35)
