# 32-берене. Медиациялык маалыматтык жолугушууну өткөрүү үчүн акы төлөө

- Документ: [Медиация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 256 "Медиация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 256
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5683/edition/40509/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034356/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медиация жөнүндө, 32-берене (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-32

---

1. Медиациялык маалыматтык жолугушууга сот тарабынан жиберилген учурда медиациялык маалыматтык жолугушуу акысыз өткөрүлөт.

2. Медиациялык маалыматтык жолугушууга мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, аксакалдар соту, арбитр, тергөөчү, жаза аткаруу системасынын, пробация же ыйгарым укуктуу органдын кызматкери тарабынан жиберилген учурларда медиациялык маалыматтык жолугушууну өткөрүү үчүн акы төлөөнү чыр-чатактын (талаш-тартыштын) эки тарабы тең жүргүзөт.

3. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун алкагында медиациялык жардамды алууга укугу бар адамдар үчүн медиациялык маалыматтык жолугушууну өткөрүүгө жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун алкагында медиатор тарабынан медиациялык жардам көрсөтүүгө акы төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-33)
