# 29-берене. Медиациялык макулдашуу

- Документ: [Медиация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 256 "Медиация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 256
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5683/edition/40509/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034356/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медиация жөнүндө, 29-берене (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-29

---

1. Медиациянын тараптары медиация жүргүзүү жол-жобосунун жыйынтыктары боюнча жазуу жүзүндө медиациялык макулдашууну түзүшөт.

2. Медиациялык макулдашууда төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:

1) макулдашуу түзүлгөн дата жана жер;

2) талаш-тартыштын тараптарынын фамилиясы, аты, атасынын аты же аталышы;

3) талаш-тартыштын тараптарынын өкүлдөрүнүн фамилиясы, аты жана атасынын аты же аталышы, алардын ыйгарым укуктарын ырастоочу документтердин маалым-даректерин көрсөтүү менен;

4) талаш-тартыштын предметинин сыпаттамасы;

5) медиация жол-жобосун жүргүзүүгө катышкан медиатордун же медиаторлордун фамилиясы, аты, атасынын аты;

6) макулдашуунун шарттары, аларды аткаруунун ыкмалары жана мөөнөттөрү жана аларды аткарбай коюунун же талаптагыдай эмес аткаруунун кесепеттери;

7) ушул Мыйзамдын талаптарына карама-каршы келбеген башка шарттар.

3. Медиациялык макулдашуу тараптардын каалоосу боюнча нотариус же нотариат жөнүндө мыйзамдарга ылайык нотариалдык аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.

4. Милдеттүү катталууга тийиш болгон объекттерге менчик укугунун өтүшүн камтыган медиациялык макулдашуу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлөт жана укук белгилөөчү документ болуп саналат.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-30)
