# 28-берене. Медиация жүргүзүү жөнүндө келишимдин формасы жана мазмуну

- Документ: [Медиация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 256 "Медиация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 256
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5683/edition/40509/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034356/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медиация жөнүндө, 28-берене (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-28

---

1. Тараптар талаш-тартышты медиация аркылуу жөнгө салууга өз ара макул болгон учурда медиацияны жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү келишим түзүлөт.

2. Медиацияны жүргүзүү жөнүндө келишимде төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:

1) келишим түзүлгөн дата жана жер;

2) талаш-тартыштын тараптарынын фамилиясы, аты, атасынын аты же аталышы;

3) талаш-тартыштын тараптарынын өкүлдөрүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты же аталышы, алардын ыйгарым укуктарын ырастаган документтеринин маалым-даректерин көрсөтүү менен;

4) медиатордун же медиаторлордун фамилиясы, аты, атасынын аты;

5) талаш-тартыштын предмети;

6) медиация жүргүзүү тили;

7) медиация жүргүзүүнүн купуялуулугу жана мындай милдеттенмени аткарбай коюунун кесепеттери жөнүндө тараптардын макулдашуусу;

8) медиация жол-жобосу жүргүзүлүүчү жер, анын катышуучулары;

9) медиация жүргүзүүгө байланышкан чыгымдарды төлөө шарттары жана тартиби, ошондой эле медиатордун жардамына акы төлөөнүн өлчөмү;

10) медиацияны жүргүзүү мөөнөтү;

11) медиацияны жүргүзүү тартиби.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-29)
