# 26-берене. Медиаторду тандоо

- Документ: [Медиация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 256 "Медиация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 256
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5683/edition/40509/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034356/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медиация жөнүндө, 26-берене (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-26

---

1. Медиация жүргүзүү үчүн тараптар өз ара макулдашуу боюнча медиация борборун же медиаторду (медиаторлорду) тандайт.

2. Медиатор ушул беренеге ылайык ал шайланганга же дайындалганга чейин анын көз карандысыздыгына жана калыстыгына таасир этиши мүмкүн болгон жагдайлар болгон учурда, тараптарга жана өзү мүчө болгон медиация борборуна бул жөнүндө токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.

3. Медиатор тараптарга башка кесиптик кызматтарды же жардамды көрсөткөн талаш-тартыш (чыр-чатак) боюнча медиация жүргүзө албайт.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-27)
