# 21-берене. Медиаторлорду кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу

- Документ: [Медиация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 256 "Медиация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 256
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5683/edition/40509/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034356/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медиация жөнүндө, 21-берене (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-21

---

1. Медиатордун статусун алуу укугуна талапкер адамдарды кесиптик даярдоо Медиаторлор палатасынын окуу борбору тарабынан, Медиаторлор палатасынын кеңеши бекиткен медиаторлорду кесиптик даярдоо стандарттарына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Медиатордун статусун алуу үчүн Медиаторлор палатасынын окуу борборунда медиация боюнча 80 сааттан кем эмес көлөмдө базалык кесиптик даярдыктан өтүү зарыл, ал белгиленген үлгүдөгү сертификат менен тастыкталат. Сертификаттын жарактуу мөөнөтү берилген күндөн тартып үч жылды түзөт.

3. Медиаторлордун квалификациясын жогорулатуу медиация борборлору тарабынан, Медиаторлор палатасынын кеңеши бекиткен медиаторлордун квалификациясын жогорулатуу стандарттарына ылайык жүзөгө ашырылат.

4. Медиатор кесиптик ишин жүзөгө ашыруу үчүн Медиаторлор палатасынын окуу борборунда жыл сайын 16 сааттан кем эмес көлөмдө квалификациясын жогорулатуудан өтүүгө милдеттүү.

5. Медиаторлордун квалификациясын адистештирилген жогорулатуу медиация борборлору тарабынан жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-22)
