# 18-берене. Ревизиялык комиссия

- Документ: [Медиация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 256 "Медиация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 256
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5683/edition/40509/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034356/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медиация жөнүндө, 18-берене (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-18

---

1. Ревизиялык комиссия Медиаторлор палатасынын финансылык-чарбалык ишин контролдойт жана Медиаторлордун съездине отчет берет.

2. Ревизиялык комиссия Медиаторлордун съезди тарабынан 3 адамдан турган санда үч жылдык мөөнөткө шайланат. Ревизиялык комиссиянын жыйналыштары, эгерде ага анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, укуктуу деп эсептелет.

3. Ревизиялык комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын ордун Медиаторлордун съездинде бекитилген резервдик тизмеде турган, кезек боюнча кийинки талапкер ээлейт.

Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрүнүн резервдик тизмеси Ревизиялык комиссия шайланган мөөнөткө түзүлөт.

4. Ревизиялык комиссия зарыл болгон учурда бухгалтердик эсеп жана финансы жаатында билими бар адистерди тартууга укуктуу.

5. Медиаторлор палатасынын финансылык-чарбалык ишин текшерүү анын бир жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча, ошондой эле кайсы убакта болбосун Ревизиялык комиссиянын, Медиаторлор палатасынын кеңешинин демилгеси же Медиаторлордун съездинин чечими боюнча жүзөгө ашырылат.

6. Бир эле адам катары менен бир мөөнөттөн ашык Ревизиялык комиссиянын мүчөсү жана Медиаторлор палатасынын төрагасы боло албайт.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-19)
