14-берене. Медиаторлордун съезди
Күчүндө · 14.11.2025 редакциясы · 3-глава
1. Медиаторлордун съезди Медиаторлор палатасынын жогорку башкаруу органы болуп саналат.
Медиаторлордун съездинде Медиаторлор палатасынын төрагасы, ал эми ал жок учурда - төраганын орун басары төрагалык кылат.
2. Медиаторлордун съезди Медиаторлор палатасынын кеңешинин чечими боюнча үч жылда кеминде бир жолу чакырылат, ал Медиаторлордун съездин өткөрүү датасын, убактысын жана ордун аныктайт.
Медиаторлордун кезексиз съезди Медиаторлор палатасынын кеңешинин мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмесинин чечими боюнча же Медиаторлор палатасынын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча же Медиаторлор палатасынын Ревизиялык комиссиясынын демилгеси боюнча чакырылат. Медиаторлордун съезди, эгерде шайланган делегаттардын жалпы курамынын үчтөн экисинен кем эмеси анын ишине катышса, укуктуу деп эсептелет. Медиаторлордун съездинде делегаттардын өкүлчүлүгү Медиаторлордун реестринде турган ар бир медиация борборунун мүчөлөрүнүн санынан 50 пайызын эсепке алуу боюнча, бирок бир медиация борборунан 5 делегаттан ашык эмес аныкталат. Кезектеги же кезексиз Медиаторлордун съездинин делегаттарын кезектеги Медиаторлордун съезди өткөрүлө турган датага чейин, кеминде 6 ай мурда катталган медиация борборлору жөнөтө алат. Медиаторлордун съездинин делегаттарын аныктоо тартиби, Медиаторлордун съездинде добуш берүүнүн жана шайлоонун тартиби Медиаторлор палатасынын кеңеши тарабынан бекитилүүчү жобо менен аныкталат.
3. Медиаторлордун съездинин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Медиаторлор палатасынын ишинин негизги багыттарын аныктоо;
2) Медиаторлор палатасынын уставын бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу же уставды жаңы редакцияда кабыл алуу;
3) Медиаторлор палатасынын кеңешинин, Этика боюнча комиссиянын, Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрүн шайлоо жана алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
4) Медиаторлор палатасынын кеңешинин, Этика боюнча комиссиянын, Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрүнүн резервдик тизмелерине мүчөлөрдү шайлоо;
5) Медиатордун кесиптик этика кодексин бекитүү;
6) Медиаторлор палатасынын кеңеши, Этика боюнча комиссия, Ревизиялык комиссия жөнүндө жоболорду бекитүү;
7) Медиаторлор палатасынын кеңешинин, Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрүнүн, Этика боюнча комиссиянын мүчө-медиаторлорунун сый акыларынын өлчөмүн аныктоо;
8) Медиаторлор палатасынын, Этика боюнча комиссиянын төрагаларынын жана алардын орун басарларынын сый акыларынын өлчөмүн аныктоо;
9) Медиаторлор палатасынын кеңешинин, Этика боюнча комиссиянын, Ревизиялык комиссиянын отчетторун бекитүү.
Берененин тексти 14.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034356/st-14" title="14-берене - Медиация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>