# 12-берене. Медиаторлор палатасынын уставы

- Документ: [Медиация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 256 "Медиация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 256
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5683/edition/40509/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034356/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медиация жөнүндө, 12-берене (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-12

---

1. Медиаторлор палатасы өзүнүн уставын ушул Мыйзамда белгиленген тартипте бекитет.

2. Медиаторлор палатасынын уставында төмөнкүлөр каралат:

1) Медиаторлор палатасынын максаттары, милдеттери жана иш-милдеттери;

2) Медиаторлор палатасынын кеңешинин, Медиаторлор палатасынын ревизиялык комиссиясынын, Медиаторлор палатасынын этика боюнча комиссиясынын курамын түзүү тартиби, ошондой эле алардын ыйгарым укуктары;

3) Медиаторлор палатасынын кеңешинин курамынан Медиаторлор палатасынын төрагасын жана анын орун басарын шайлоо тартиби жана шарттары;

4) Медиаторлор палатасынын мүчөлүгүнө кирүү шарттары жана тартиби;

5) Медиаторлор палатасынын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери;

6) кирүү жана мүчөлүк акыларды төлөө тартиби;

7) Медиаторлор палатасынын мүлкүн түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби;

8) Медиаторлор палатасынын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби;

9) медиатордун статусун алуу укугуна талапкер адамдарды кесиптик даярдоонун, ошондой эле медиаторлордун квалификациясын жогорулатуунун тартиби;

10) финансылык отчетту берүүнүн жана аны жарыялоонун тартиби;

11) Медиаторлор палатасынын башкаруу органдарынын иши жөнүндө отчетту берүү тартиби;

12) Медиаторлор палатасына медиация борборунун иши жөнүндө маалыматты берүү тартиби.

3. Уставда ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген, Медиаторлор палатасынын ишине тиешелүү башка жоболор да каралышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-13)
