11-берене. Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасы
Күчүндө · 14.11.2025 редакциясы · 3-глава
1. Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасы (мындан ары - Медиаторлор палатасы) - Кыргыз Республикасынын медиаторлорунун ага милдеттүү мүчө болуусуна негизделген жана Кыргыз Республикасында медиацияны өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган медиаторлордун өз алдынча башкарылуучу кесиптик коомдоштугу.
Медиаторлор палатасы өз ишин мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумуна кирбеген жарандык коомдун институту катары өз алдынча башкаруу принциптеринде уюштурат. Медиаторлор палатасы өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга, башка ченемдик укуктук актыларга жана Медиаторлор палатасынын уставына ылайык жүзөгө ашырат.
2. Медиаторлор палатасы өз алдынча уюштуруу-укуктук формага ээ болгон коммерциялык эмес юридикалык жак болуп саналат - Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасы.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында бир Медиаторлор палатасы иштейт.
4. Юридикалык жактардын фирмалык аталыштарында "Медиаторлор палатасы" деген сөздөрдү пайдаланууга жол берилбейт.
5. Медиаторлор палатасы пайда алуу максатын көздөбөйт жана коммерциялык уюмдарды түзүүгө жана алардын катышуучусу болууга укуксуз.
6. Медиаторлор палатасы ага менчик укугунда же башка негиздерде таандык болгон мүлккө ээ, ал өзүнө негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттарды, имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, баалуу кагаздарды жана уставдык милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка мүлктү камтыйт.
7. Медиаторлор палатасынын мүлкүн түзүүчү булак болуп кирүү жана мүчөлүк акылар, өзүнүн ишинен түшкөн кирешелер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка келип түшүүлөр саналат.
8. Медиаторлор палатасынын мүчөлөрү Медиаторлор палатасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ал эми Медиаторлор палатасы анын мүчөлөрүнүн милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.
Берененин тексти 14.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034356/st-11" title="11-берене - Медиация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>