# 10-берене. Медиаторлордун бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби

- Документ: [Медиация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 256 "Медиация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 256
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5683/edition/40509/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034356/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медиация жөнүндө, 10-берене (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-10

---

1. Медиаторлордун бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары - Медиаторлордун реестри) ыйгарым укуктуу орган тарабынан кагаз же болбосо электрондук түрдө жүргүзүлөт жана анын расмий веб-сайтында жарыяланат.

2. Медиаторлордун реестринин мазмуну жана аны жүргүзүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.

3. Медиаторлордун реестрине киргизилүүгө тийиш болгон бардык өзгөрүүлөр медиаторлор тарабынан Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасына 15 календардык күндүн ичинде маалымдалууга тийиш. Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасы өзгөртүүлөрдү Медиаторлордун реестрине киргизүү үчүн аталган маалыматтарды ыйгарым укуктуу органга 7 жумуш күндүн ичинде жиберет.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356/st-11)
