# Кожомкул айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-июлундагы № 01-5/33 "Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кожомкул айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-июлундагы № 01-5/33 "Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-5/33
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034235>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-46376/edition/40402/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034235.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кожомкул айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-июлундагы № 01-5/33 "Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо жөнүндө" токтому (29.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034235

---

КОЖОМКУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 29-июлу № 01-5/33

"Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо ваучердик механизмин пилоттук апробациялоожөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы №693 токтомуна ылайык, жана Кожомкул айылдык кеңешинин социалдык суроолор боюнча комиссиясынын №10 протоколуна ылайык калктын социалдык жактан аяр катмары үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын ваучердик механизм аркылуу каржылоону пилоттук негизде апробациялоо максатында Кожомкул айылдык кеңеши токтом кылат: Токтом кылат:

1. Кожомкул айыл аймагында жашаган балдар ваучердик механизм аркылуу каржылансын:

2. Бул балдар “Балалык” тутумуна катталган жана 5 баладан кем эмес бала менен жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн тизмесине киргендиги тууралу Сокулук райондук администрациясынын маалыматына ылайык тандалып алынган.

3. баланын тамак-ашына ар бир балага ар бир күнүнө жергилктүү бюджеттен 100 сомдон каралсын.

4. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө Кожомкул айыл өкмөтүнүн башчысы Урматов М.Ш. жүктөлсүн.

Төрага

Мураталиев У.М.
