# 9-берене. Шайкештикке баа берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-ноябрындагы № 254 "Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 254
- Кабыл алынган күнү: 12.11.2025
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 12.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5681/edition/40473/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034181/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 9-берене (12.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-9

---

1. Азык-түлүк чийки затынын, тамак-аш продукциясынын жана аларды өндүрүү (даярдоо), сактоо, ташуу (транспорттоо), сатуу жана утилдештирүү процесстеринин шайкештигине баа берүү төмөнкүдөй формаларда жүргүзүлөт:

1) адистештирилген тамак-аш продукциясын мамлекеттик каттоо;

2) жаңы түрдөгү тамак-аш продукциясын мамлекеттик каттоо;

3) алгачкы өндүрүлгөн продукцияга ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү;

4) азык-түлүк чийки затынын жана тамак-аш продукциясынын шайкештигин декларациялоо формасында шайкештикти ырастоо.

2. Өнөр жайда даярдалбаган тамак-аш продукциясынын жана кызмат көрсөтүүдө сатууга арналган тамактануу (коомдук тамактануу) ишканаларынын тамак-аш продукциясынын, ошондой эле аны сатуу процесстеринин шайкештигине баа берүү мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) формасында жүргүзүлөт.

3. Тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо), сактоо, ташуу (транспорттоо), сатуу жана утилдештирүү процесстеринин анын коопсуздугу жаатындагы мыйзамдардын талаптарынын шайкештигине баа берүү мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) формасында жүргүзүлөт.

4. Жаныбарлардан алынган кайра иштетилбеген азык-түлүк (тамак-аш) чийки затын алуу, кайра иштетүү (иштетүү) боюнча иш жүзөгө ашырылып жаткан өндүрүштүк объекттерге мамлекеттик каттоо формасында шайкештикке баа берилүүгө тийиш.

5. Тамак-аш продукцияларынын шайкештигин ырастоо формасында шайкештикке баа берүү алар Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылганга чейин, ал эми Кыргыз Республикасынын аймагына биринчи жолу ташып келинген продукцияга карата ал ташып келингенге чейин жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-10)
