# 7-берене. Тобокелдикти талдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-ноябрындагы № 254 "Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 254
- Кабыл алынган күнү: 12.11.2025
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 12.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5681/edition/40473/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034181/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 7-берене (12.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-7

---

1. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды колдонуу тобокелдикти талдоого негизделет.

Тобокелдикти талдоо "Алиментариус кодекси" комиссиясынын жана Кургактагы жаныбарлардын ден соолук кодексинин сунуштамаларына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

2. Тобокелдикти талдоонун максаты потенциалдуу коркунучтарды табуу жана сыпаттоо, болжолдонгон тобокелдиктерди жокко чыгаруучу же төмөндөтүүчү шарттарды түзүү жана чараларды көрүү болуп саналат.

3. Тобокелдикти талдоо - өз ара байланышкан төмөнкүдөй үч компоненттен турган процесс:

- тобокелдикке баа берүү;

- тобокелдикти башкаруу;

- тобокелдиктер жөнүндө маалымдоо.

4. Тобокелдикке баа берүү көз карандысыз, калыс жана ачык түрдө жүргүзүлөт. колдо болгон илимий маалыматтарга негизделет жана кооптуу факторлорду табууну, сыпаттоону жана аларга баа берүүнү, тобокелдиктин келип чыгуу ыктымалдуулугун жана анын даражасын аныктоону камтыйт.

Мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүргүзүү максатында тобокелдикке баа берүүнү жүргүзүү тартибин Министрлер Кабинети аныктайт.

5. Тобокелдикти башкаруу - тамак-аш продукциясын иштеп чыгуу (түзүү), өндүрүү (даярдоо), жүгүртүү, утилдештирүү жана жок кылуу баскычтарынын (процесстеринин) бардык этаптарында тартылган субъекттер тарабынан тобокелдиктин алдын алуу, аны төмөндөтүү жана жоюу боюнча чараларды тандоо жана көрүү процесси.

Тобокелдикти башкаруу натыйжалуу жана тобокелдикке шайкеш болууга тийиш. Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн жактар тобокелдикке баа берүүнүн бүткүл процессинин ичинде маалыматты жана тыянактарды алмашууну жүзөгө ашырууга, ошондой эле тобокелдиктер жөнүндө бардык кызыкдар жактарга өз убагында маалымдоого милдеттүү.

6. Өзгөчө кырдаалдар учурунда кечиктирилгис санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык-санитардык чаралар тобокелдикке баа берүүнүн натыйжаларына карабастан көрүлөт.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-8)
