# 6-берене. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу тутуму

- Документ: [Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-ноябрындагы № 254 "Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 254
- Кабыл алынган күнү: 12.11.2025
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 12.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5681/edition/40473/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034181/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 6-берене (12.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-6

---

1. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу тутуму тамак-аш продукциясын түзүү жана жүгүртүү процессинде адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө кооптуулукту жараткан тобокелдикке жол бербөөгө багытталган чаралардын комплексин билдирет.

2. Коопсуздукту камсыз кылуу тутумунун шаймандары болуп төмөнкүлөр саналат:

- тобокелдикти талдоо;

- тамак-аш продукциясына көз салуу тутуму;

- тамак-аш продукциясынын коопсуздугуна карата талаптар;

- коопсуздукту камсыз кылуу инфратүзүмү.

3. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар тамак-аш продукциясын түзүү жана жүгүртүү процессинде аны өндүрүү (даярдоо) этаптарында, сактоо, ташуу, сатуу, утилдештирүү, импорттоо, анын ичинде тамак-аш продукциясы менен байланыштагы материалдарды пайдаланууда колдонулат.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-7)
