# 5-берене. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-ноябрындагы № 254 "Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 254
- Кабыл алынган күнү: 12.11.2025
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 12.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5681/edition/40473/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034181/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 5-берене (12.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-5

---

1. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуунун максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:

- адам өмүрүн жана ден соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо;

- ата мекендик тамак-аш продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;

- бул чөйрөдө ишкердикти өнүктүрүүгө көмөктөшүү;

- тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы керектөөчүлөрдүн маалымдар болуу деңгээлин жогорулатуу;

- мамлекеттик органдардын компетенттүүлүгүн бекемдөө.

2. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:

- тобокелдикти талдоонун негизинде тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу;

- тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы илимий-изилдөө иштерин уюштуруу жана өткөрүү;

- тамак-аш продукциясын иштеп чыгуу (түзүү), өндүрүү (даярдоо), жүгүртүү, утилдештирүү жана жок кылуу баскычтарынын (процесстеринин) бардыгында ага көз салуунун бирдиктүү тутумун иштетүү;

- превентивдүү чараларды, тобокелдикти талдоонун негизинде мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) чараларын уюштуруу жана жүргүзүү;

- өзгөчө кырдаал шарттарында кечиктирилгис санитардык эпидемиологиялык жана ветеринардык-санитардык чараларды көрүү;

- тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында мамлекеттик жөнгө салууга тартылган мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жана аларды координациялоо;

- аталган чөйрөдө эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-6)
