# 4-берене. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуунун принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-ноябрындагы № 254 "Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 254
- Кабыл алынган күнү: 12.11.2025
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 12.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5681/edition/40473/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034181/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 4-берене (12.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-4

---

Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу төмөнкүдөй принциптерге ылайык жүзөгө ашырылат:

- адамдын өмүрүн жана ден соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо үчүн тамак-аш продукциясынын коопсуздугунун артыкчылыктуулугу;

- адамдын ден соолугуна ыктымалдуу зыяндуу таасирдин алдын алуу;

- тамак-аш продукциясы коопсуздугу чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуунун илимий негиздүүлүгү;

- ыйгарым укуктуу органдардын жана субъекттердин ишинин ачыктыгы;

- тамак-аш продукциясын иштеп чыгуунун (түзүүнүн), өндүрүүнүн (даярдоонун), жүгүртүүнүн, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун бардык баскычтарында (процесстеринде) анын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн субъекттердин жоопкерчилиги;

- тамак-аш продукциясын иштеп чыгуунун (түзүүнүн), өндүрүүнүн (даярдоонун), жүгүртүүнүн, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун бардык баскычтарында (процесстеринде) ага көз салуу;

- маалыматтын ачыктыгы, жеткиликтүүлүгү, аныктыгы;

- адамдын өмүрүн жана ден соолугун, керектөөчүлөрдүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын эл аралык ченемдери жана эрежелери менен шайкештиги;

- тамак-аш продукциясын иштеп чыгуунун (түзүүнүн), өндүрүүнүн (даярдоонун), жүгүртүүнүн, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун бардык баскычтарында (процесстеринде) анын коопсуздугун камсыз кылууга карата интеграцияланган мамиле.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-5)
