# 33-берене. Субъекттердин укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-ноябрындагы № 254 "Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 254
- Кабыл алынган күнү: 12.11.2025
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 12.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5681/edition/40473/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034181/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 33-берене (12.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-33

---

1. Субъекттер ушул Мыйзамдын жана тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоого милдеттүү.

2. Субъекттер төмөнкүлөргө укуктуу:

1) айыл чарба чөйрөсүндөгү жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардан белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү алууга:

- мамлекеттик контролдоонун (көзөмөлдөөнүн) натыйжасы болуп саналуучу, тиешелүү түрдө жол-жоболоштурган документтерди, анын ичинде субъекттерди жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп саналуучу документтерди;

- мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) менен байланышкан башка маалыматты;

2) мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүргүзүү тартибин бузууга жол берген кызмат адамдарына мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүргүзүүгө жол бербөөгө;

3) мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүргүзүү процессинде алынган, мыйзам тарабынан корголуучу маалыматтын жашыруундугун камсыз кылууга;

4) жүргүзүлгөн мамлекеттик контролдоонун (көзөмөлдөөнүн) натыйжаларына административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга;

5) ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды аткаруу максатында методикалык жардамды, кеңештерди алуу үчүн жана кырдаалга баа берүү үчүн мамлекеттик органдарга кайрылууга.

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-34)
