# 32-берене. Мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) максаттары үчүн лабораториялык сыноолор

- Документ: [Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-ноябрындагы № 254 "Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 254
- Кабыл алынган күнү: 12.11.2025
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 12.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5681/edition/40473/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034181/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 32-берене (12.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-32

---

1. Шайкештикке милдеттүү баа берүү максаттары үчүн тамак-аш продукциясын сыноо техникалык жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдарда белгиленген тартипте аккредиттелген лабораториялар тарабынан жүргүзүлөт.

2. Текшерүү формасында жүргүзүлүүчү мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) максаттары үчүн тамак-аш продукциясын сыноо мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

3. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы мыйзамдардагы табылган бузууларды субъект тарабынан четтетүүнү ырастоо максатында жүргүзүлгөн тамак-аш продукциясын сыноолор субъекттин каражаттарынын эсебинен каржыланат.

4. Мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) максатында тамак-аш продукциясын сыноону жүргүзүүчү лабораториялар тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш эместик жөнүндө күбөлөндүрүүчү сыноолордун натыйжалары тууралуу маалыматты айыл чарба чөйрөсүндөгү жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдарга тез арада жөнөтүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-33)
