# 30-берене. Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу тутумдарынын мамлекеттик аудити

- Документ: [Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-ноябрындагы № 254 "Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 254
- Кабыл алынган күнү: 12.11.2025
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 12.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5681/edition/40473/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034181/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 30-берене (12.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-30

---

1. Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу тутумдарынын мамлекеттик аудити аларды колдонуунун үзгүлтүксүздүгүн, туруктуулугун жана аларды колдонуунун натыйжалуулугун текшерүүнү карайт.

2. Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу тутумдарынын мамлекеттик аудити субъекттин арызы боюнча жүргүзүлөт.

3. Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу тутумдарынын мамлекеттик аудитинин натыйжалары субъектке ыйгарылган тобокелдиктин даражасын жана текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгүн аныктоодо эске алынат.

4. Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу тутумдарынын мамлекеттик аудитинин натыйжалары сунуштарды жана/же сунуштамаларды камтыган отчет түрүндө жол-жоболоштурулат. Отчет эки нускада толтурулат, бир нускасы аудит жүргүзүлгөн субъектке берилет, экинчиси ыйгарым укуктуу органда сакталууга тийиш.

5. Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу тутумдарынын мамлекеттик аудитинин натыйжалары боюнча административдик таасир этүү чаралары колдонулбайт.

6. Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу тутумдарына мамлекеттик аудит жүргүзүүдө эл аралык стандарттарга негизделген ыктыярдуу түрдө сертификатталган сапат менеджментинин тутумдарынын жол-жоболору менен билдирилген талаптарга шайкеш эместиктер табылган учурда тиешелүү маалымат мындай сертификаттоону жүргүзгөн органга жөнөтүлөт.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-31)
