# 3-берене. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы мыйзамдар

- Документ: [Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-ноябрындагы № 254 "Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 254
- Кабыл алынган күнү: 12.11.2025
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 12.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5681/edition/40473/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034181/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 3-берене (12.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-3

---

1. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, ушул Мыйзамдын жана ага ылайык кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган макулдашуулардын жоболоруна негизделет.

2. Эгерде мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимде ушул Мыйзамда каралгандан башка эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-4)
