# 25-берене. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы талаптардын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө)

- Документ: [Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-ноябрындагы № 254 "Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 254
- Кабыл алынган күнү: 12.11.2025
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 12.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5681/edition/40473/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034181/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 25-берене (12.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-25

---

1. Тамак-аш продукциясын иштеп чыгуунун (түзүүнүн), өндүрүүнүн (даярдоонун), жүгүртүүнүн, утилдештирүү жана жок кылуунун бардык этаптарында (процесстеринде) мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жүктөлгөн ыйгарым укуктардын чегинде жүргүзүлөт.

Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы талаптардын сакталышына, ошондой эле тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу тутумун сактоо бөлүгүндө аларга жүктөлгөн милдеттенмелердин субъекттер тарабынан сакталышына мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) жүргүзүлөт.

2. Мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүргүзүү формалары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) текшерүү;

2) мамлекеттик мониторинг;

3) мамлекеттик аудит.

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-26)
