25-берене. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы талаптардын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө)
Күчүнө кире элек · 12.11.2025 редакциясы · 4-глава
1. Тамак-аш продукциясын иштеп чыгуунун (түзүүнүн), өндүрүүнүн (даярдоонун), жүгүртүүнүн, утилдештирүү жана жок кылуунун бардык этаптарында (процесстеринде) мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жүктөлгөн ыйгарым укуктардын чегинде жүргүзүлөт.
Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы талаптардын сакталышына, ошондой эле тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу тутумун сактоо бөлүгүндө аларга жүктөлгөн милдеттенмелердин субъекттер тарабынан сакталышына мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) жүргүзүлөт.
2. Мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүргүзүү формалары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) текшерүү;
2) мамлекеттик мониторинг;
3) мамлекеттик аудит.
Берененин тексти 12.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034181/st-25" title="25-берене - Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>