# 24-берене. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик органдардын тутуму

- Документ: [Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-ноябрындагы № 254 "Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 254
- Кабыл алынган күнү: 12.11.2025
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 12.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5681/edition/40473/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034181/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 24-берене (12.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-24

---

1. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик органдардын тутумуна төмөнкүлөр кирет:

1) Министрлер Кабинети;

2) айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

3) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

4) техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.

2. Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын Министрлер Кабинети аныктайт.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-25)
