# 21-берене. Тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу кызматкерлерге карата талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-ноябрындагы № 254 "Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 254
- Кабыл алынган күнү: 12.11.2025
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 12.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5681/edition/40473/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034181/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 21-берене (12.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-21

---

1. Субъекттер иши тамак-аш азыктарын өндүрүү, сактоо, ташуу жана сатуу менен байланышкан кызматкерлерди милдеттүү алдын алуучу жана мезгилдүү медициналык кароодон жана гигиеналык окуудан өтүүнү коомдук саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыз кылууга милдеттүү.

2. Алдын алуучу жана мезгилдүү медициналык кароодон өтпөгөн, ошондой эле жугуштуу оорулар менен ооруган кызматкерлерге же болбосо оорулардын козгогучтарын алып жүрүүчүлөргө лабораториялык изилдөөлөрдүн терс натыйжалары алынганга чейин тамак-аш продукциясын иштеп чыгуу (түзүү), өндүрүү (даярдоо), жүгүртүү жана утилдештирүү процесстерине катышууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-22)
