2-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу чөйрөсү
Күчүнө кире элек · 12.11.2025 редакциясы · 1-глава
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген (импорттолгон), ошондой эле тамак-аш продукциясын иштеп чыгуу (түзүү), өндүрүү (даярдоо), жүгүртүү, утилдештирүү жана жок кылуу баскычтарынын (процесстеринин) бардыгында тамак-аш продукциясына жайылтылат.
2. Ушул Мыйзам тамак-аш азыктары менен байланыштагы материалдарга жана буюмдарга, ошондой эле аларды өндүрүүнүн жана иштетүүнүн этаптарына жайылтылат.
3. Ушул Мыйзам тамак-аш азыктарын алуу үчүн пайдаланылуучу азык берүүчү жаныбарлар үчүн арналган тоюттарга жана тоют кошулмаларына, ошондой эле тоюттарды жана тоют кошулмаларын өндүрүү (даярдоо), иштетүү, жүгүртүү, утилдештирүү жана жок кылуу этаптарына жайылтылат.
4. Ушул Мыйзам тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) жана иштетүү процессинде пайдаланылуучу ар кандай агрегаттык абалдагы сууга жайылтылат.
5. Ушул Мыйзамдын күчү жеке керектөөгө арналган жана жүгүртүүгө чыгарууга тийиш болбогон тамак-аш продукциясына жайылтылбайт.
Берененин тексти 12.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034181/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>