# 19-берене. Тамак-аш продукциясын иштеп чыгуу (түзүү), өндүрүү (даярдоо) жана жүгүртүү баскычтарында (процесстеринде) пайдаланылуучу машиналарга жана жабдууларга, материалдарга жана буюмдарга, ошондой эле тамак-аш продукциясы менен байланыштагы материалдарга жана буюмдарга карата талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-ноябрындагы № 254 "Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 254
- Кабыл алынган күнү: 12.11.2025
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 12.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5681/edition/40473/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034181/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 19-берене (12.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-19

---

1. Тамак-аш продукциясын иштеп чыгуу (түзүү), өндүрүү (даярдоо) жана жүгүртүү баскычтарында (процесстеринде) пайдалануучу машиналар жана жабдуулар, материалдар жана буюмдар:

- Министрлер Кабинети аныктаган тартипте техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген талаптарга шайкеш келүүгө тийиш;

- тамак-аш азыгы менен байланыш болгондо анын курамын өзгөртпөөгө жана коопсуздук көрсөткүчтөрүнө таасирин тийгизбөөгө тийиш;

- багыты боюнча гана пайдаланылууга тийиш.

2. Тамак-аш продукциясы менен байланыштагы материалдарга жана буюмдарга карата алардын коопсуздугун ырастоочу, Министрлер Кабинети аныктаган тартипте техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык берилген документ тиркелүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-20)
