18-берене. Ичүүчү суунун коопсуздугуна карата талаптар
Күчүнө кире элек · 12.11.2025 редакциясы · 2-глава
1. Тамак-аш продукциясын өндүрүү (даярдоо) жана иштетүү процессинде пайдаланылуучу ичүүчү суу ичүүчү суунун коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
2. Тамак-аш азыктарын өндүрүүдө (даярдоодо) пайдаланылуучу муз жана буу ичүүчү суунун коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келген ичүүчү суудан даярдалууга тийиш.
3. Тамак-аш продукциясы катары табигый минералдык сууларды пайдаланууга курортология илимий мекемелеринин бальнеологиялык корутундусу алынгандан кийин саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аныктаган тартипте жол берилет.
Берененин тексти 12.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034181/st-18" title="18-берене - Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>