16-берене. Тамак-аш продукциясын сактоодо жана ташууда анын коопсуздугуна карата талаптар
Күчүнө кире элек · 12.11.2025 редакциясы · 2-глава
1. Тамак-аш продукциясын сактоо жана ташуу анын коопсуздугун жана алгачкы касиеттеринин сакталышын камсыз кылуучу шарттарда Министрлер Кабинети белгилеген талаптарга ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.
2. Тамак-аш продукцияларын сактоого тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы мыйзамдардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш болгон атайын жабдылган жайларда жана курулмаларда жол берилет.
3. Тамак-аш продукциясын ташуу үчүн мындай максаттарга атайын арналган жана (же) жабдылган транспорт каражаттары пайдаланылат.
Берененин тексти 12.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034181/st-16" title="16-берене - Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>