# 13-берене. Алгачкы өндүрүү баскычындагы алгачкы өндүрүүдөгү продукциянын коопсуздугуна карата талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-ноябрындагы № 254 "Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 254
- Кабыл алынган күнү: 12.11.2025
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 12.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5681/edition/40473/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034181/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 13-берене (12.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-13

---

1. Алгачкы өндүрүү тамак-аш продукциясынын, ошондой эле айлана-чөйрөнүн коопсуздугун камсыз кылууга тийиш.

2. Алгачкы өндүрүүдөгү продукциянын коопсуздугу Министрлер Кабинети аныктаган, талаптагыдай айыл чарбалык жана гигиеналык практика принциптерине негизделген талаптарды сактоо аркылуу камсыз кылынат.

3. Талаптагыдай айыл чарбалык жана гигиеналык практика принциптерине негизделген талаптар жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продукцияда химиялык тектеги зыяндуу заттардын, механикалык жана микробиологиялык булгануулардын топтолуусунун алдын алуу максатында аймактарды, жайларды, жабдууларды күтүүнүн жана пайдалануунун, персоналдын гигиенасынын шарттарын аныктайт.

4. Жаныбарлардан алынган тамак-аш азыктарын алуу үчүн жаныбарларды багуу, көбөйтүү процессинде ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын, өсүмдүктөрдү өстүрүү процессинде пестициддерди колдонуу тартибин Министрлер Кабинети аныктайт.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034181/st-14)
