13-берене. Алгачкы өндүрүү баскычындагы алгачкы өндүрүүдөгү продукциянын коопсуздугуна карата талаптар
Күчүнө кире элек · 12.11.2025 редакциясы · 2-глава
1. Алгачкы өндүрүү тамак-аш продукциясынын, ошондой эле айлана-чөйрөнүн коопсуздугун камсыз кылууга тийиш.
2. Алгачкы өндүрүүдөгү продукциянын коопсуздугу Министрлер Кабинети аныктаган, талаптагыдай айыл чарбалык жана гигиеналык практика принциптерине негизделген талаптарды сактоо аркылуу камсыз кылынат.
3. Талаптагыдай айыл чарбалык жана гигиеналык практика принциптерине негизделген талаптар жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продукцияда химиялык тектеги зыяндуу заттардын, механикалык жана микробиологиялык булгануулардын топтолуусунун алдын алуу максатында аймактарды, жайларды, жабдууларды күтүүнүн жана пайдалануунун, персоналдын гигиенасынын шарттарын аныктайт.
4. Жаныбарлардан алынган тамак-аш азыктарын алуу үчүн жаныбарларды багуу, көбөйтүү процессинде ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын, өсүмдүктөрдү өстүрүү процессинде пестициддерди колдонуу тартибин Министрлер Кабинети аныктайт.
Берененин тексти 12.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034181/st-13" title="13-берене - Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>