Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин «Чет өлкөлүк кызматкерлердин барган жери боюнча каттоосуна байланышкан мамлекеттик алымдарды жана башка төлөмдөрдү төлөө маселелерин убактылуу жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 6-ноябры ПЖ № 303
Чет өлкөлүк кызматкерлердин барган жери боюнча каттоосуна байланышкан мамлекеттик алымдарды жана башка төлөмдөрдү төлөө маселелерин убактылуу жөнгө салууну киргизүү жөнүндө
Өлкөнүн транзиттик потенциалын жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол компаниясы” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Кыргыз Республикасында Торугарт – Жалал-Абад темир жолун долбоорлоо, куруу, каржылоо, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча инвестициялык макулдашууну ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 311-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. 2025-жылдын 6-ноябрынан тартып 2026-жылдын 31-октябрына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол компаниясы” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Инвестициялык макулдашууну ишке ашырууга тартылган чет өлкөлүк кызматкерлерди барган жери боюнча каттоого байланышкан мамлекеттик алымдарды жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн бошотуу боюнча маселелерди убактылуу жөнгө салуу киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 6-ноябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021