# Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2024-жылдын 24-декабрындагы №2/3«Т.Балтагулов айыл аймагында суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2024-жылдын 24-декабрындагы №2/3«Т.Балтагулов айыл аймагында суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2/3
- Кабыл алынган күнү: 24.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034095>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-46288/edition/40235/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2024-жылдын 24-декабрындагы №2/3«Т.Балтагулов айыл аймагында суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө» токтому (24.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034095

---

Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы

2024-жылынын 24-декабры № 2/3

«Т.Балтагулов айыл аймагында суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө»

Т.Балтагулов айыл аймагында азыктүүлүк коопсуздугун маанилүү курамдык бөлүгү болуп саналган суу пайдалануучулардын суу ресурстарын натыйжалуу жана туруктуу пайдалануусун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 40-статясын, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13,17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрели №207 токтомунун негизинде Т.Балтагулов айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Т.Балтагулов айыл аймагында суу пайдалануучулардын ассоцациясынын эсебинде болгон ички чарбалык ирригациялык жана мелеоративдик системасы Ала-Бука райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2.Тийиштүү документтерди даярдап бүтүрүү жагы Т.Балтагулов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кийикбаевге жана айыл өкмөттүн экономист-статисти А.Адашовго милдеттендирилсин.

3.Токтом “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Т.Хамракулов
