# Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 250
- Кабыл алынган күнү: 03.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034088>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230034088/edition/40227/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034088.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034088

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2025-жылдын 3-ноябры № 250 Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034088/st-1)

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 58-берененин 6-бөлүгүндө "209-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүндө" деген сөздөр "209-беренесинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 88-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) кылмыш аркылуу келтирилген зыяндын ордун толтурганда;";

3) 92-беренесинин 6-бөлүгү "ошондой эле" деген сөздөрдөн кийин "алдамчылык," деген сөз менен толукталсын;

4) 209-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"209-берене. Алдамчылык

1. Алдамчылык, башкача айтканда, алдоо же ишенимди кыянаттык менен пайдалануу жолу менен башка бирөөнүн мүлкүн же мүлккө болгон укугун ээлеп алуу, ошого тете келишимдик милдеттенмелерди атайылап аткарбоо менен байланышкан олуттуу эмес өлчөмдө жасалган алдамчылык, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул беренесинин 1-бөлүгүндө каралган төмөнкүдөй жасалган жосун:

1) олуттуу өлчөмдө;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

4) маалыматтык-коммуникациялык технологияларды же Интернет тармагын пайдалануу менен, -

мүлкүн конфискациялоо менен эки жылдан төрт жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган төмөнкүдөй жасалган жосун:

1) ири өлчөмдө;

2) эки же андан көп адамдарга карата, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) өзгөчө ири өлчөмдө:

2) уюшкан топ тарабынан;

3) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;

4) кызматтык абалын пайдалануу менен, -

мүлкүн конфискациялоо менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Менчик ээсине же башка ээлик кылуучуга келишимдик милдеттенмелерди атайылап аткарбоодон ал келтирген зыяндын ордун ыктыярдуу толтурган учурда, эгерде анын аракеттеринде башка кылмыштын белгилери болбосо, мындай адам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен жана жазадан бошотулат.";

5) 370-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034088/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 7-ноябрында № 85 (3741) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2025-жылдын 25-сентябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
