2-берене
Күчүндө · 03.11.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 31-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "4132 жана 4133-беренелеринде" деген сөздөр "4132, 4133 жана 446-беренелеринде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 446-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"446-берене. Жаза аткаруу тутумунун мекемесинде же тергөө изоляторунда кармалып турган адамга тыюу салынган предметтерди берүү
1. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, жаза аткаруу тутумунун мекемесинде же тергөө изоляторунда кармалып турган адам тарабынан аларды сатып алууга, сактоого же пайдаланууга мыйзамда тыюу салынган предметтерди, заттарды же тамак-аш азыктарын аталган адамга кандай болбосун ыкма менен берүү же берүүгө аракет кылуу -
тыюу салынган предметтерди, заттарды же тамак-аш азыктарын убактылуу алып коюу менен жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Жаза аткаруу тутумунун мекемесинде же тергөө изоляторунда кармалып турган адамга мобилдик жана маалыматтарды берүү үчүн колдонулуучу башка байланыш каражаттарын кандай болбосун ыкма менен берүү же берүүгө аракет кылуу, эгерде бул аракеттер кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган жосундардын белгилерин камтыбаса -
укук бузуу предметин убактылуу алып коюу менен жеке жактарга 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.".
Берененин тексти 03.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034082/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>