# 234-5-берене. Электрондук соода операторунун милдеттери жана жоопкерчилиги

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 6-ноябры № 253 "Бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 253
- Кабыл алынган күнү: 06.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034080/st-234-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5677/edition/40587/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 234-5-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034080/st-234-5

---

1. Электрондук соода оператору Кодекстин 429-5-беренесинде аныкталган милдеттерди алат.

2. Эгерде жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларына карата бажылык декларациялоону жана башка бажы операцияларын электрондук соода оператору жүзөгө ашырса, анда ал Кодекстин 84-беренесинин 2-пунктунун 1-4-пунктчаларында каралган аракеттерди жасоого милдеттүү. Бажы төлөмдөрүн төлөө декларанттын акча каражаттарынын (акчаларынын) эсебинен жүргүзүлөт.

Көрсөтүлгөн учурда декларант Кодекстин 84-беренесинин 2-пунктунун 1-4-пунктчаларында каралган аракеттерди жасабайт.

3. Кодекстин 309-6-беренесинин 4-пунктунун 1-пунктчасында каралган бажы операциялары жүргүзүлгөн учурда электрондук соода оператору Кодекстин 84-беренесинин 2-пунктунун 1-4 жана 6-пунктчаларында каралган аракеттерди жасоого милдеттүү. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө электрондук соода товарларын сатып алган жеке жактын акча каражаттарынын (акчаларынын) эсебинен жүргүзүлөт.

4. 429-5-берененин 3 жана 4-пункттарында каралган милдеттерди аткарбагандыгы үчүн, электрондук соода товарларына декларацияда анык эмес маалыматтарды бергендиги үчүн, ошондой эле жараксыз, анын ичинде жасалма жана (же) билип туруп анык эмес (жалган) маалыматтарды камтыган документтерди бергендиги үчүн электрондук соода оператору Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына же Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.";

30) 248-берененин 1-бөлүгүндө "товарларга карата декларация берүүгө мүмкүндүк берүүчү" деген сөздөр "товарларга карата декларация, электрондук соода товарларына карата декларация берүүгө мүмкүндүк берүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [234-4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080/st-234-4)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080/st-4)
