234-5-берене. Электрондук соода операторунун милдеттери жана жоопкерчилиги
Күчүндө · 06.11.2025 редакциясы
1. Электрондук соода оператору Кодекстин 429-5-беренесинде аныкталган милдеттерди алат.
2. Эгерде жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларына карата бажылык декларациялоону жана башка бажы операцияларын электрондук соода оператору жүзөгө ашырса, анда ал Кодекстин 84-беренесинин 2-пунктунун 1-4-пунктчаларында каралган аракеттерди жасоого милдеттүү. Бажы төлөмдөрүн төлөө декларанттын акча каражаттарынын (акчаларынын) эсебинен жүргүзүлөт.
Көрсөтүлгөн учурда декларант Кодекстин 84-беренесинин 2-пунктунун 1-4-пунктчаларында каралган аракеттерди жасабайт.
3. Кодекстин 309-6-беренесинин 4-пунктунун 1-пунктчасында каралган бажы операциялары жүргүзүлгөн учурда электрондук соода оператору Кодекстин 84-беренесинин 2-пунктунун 1-4 жана 6-пунктчаларында каралган аракеттерди жасоого милдеттүү. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө электрондук соода товарларын сатып алган жеке жактын акча каражаттарынын (акчаларынын) эсебинен жүргүзүлөт.
4. 429-5-берененин 3 жана 4-пункттарында каралган милдеттерди аткарбагандыгы үчүн, электрондук соода товарларына декларацияда анык эмес маалыматтарды бергендиги үчүн, ошондой эле жараксыз, анын ичинде жасалма жана (же) билип туруп анык эмес (жалган) маалыматтарды камтыган документтерди бергендиги үчүн электрондук соода оператору Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына же Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.";
30) 248-берененин 1-бөлүгүндө "товарларга карата декларация берүүгө мүмкүндүк берүүчү" деген сөздөр "товарларга карата декларация, электрондук соода товарларына карата декларация берүүгө мүмкүндүк берүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 06.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
234-5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034080/st-234-5" title="234-5-берене - Бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>