# 234-3-берене. Электрондук соода операторлорунун реестринен чыгаруу үчүн негиздер

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 6-ноябры № 253 "Бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 253
- Кабыл алынган күнү: 06.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034080/st-234-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5677/edition/40587/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 234-3-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034080/st-234-3

---

Электрондук соода операторлорунун реестринен электрондук соода операторун чыгаруу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Кодекстин 429-3-беренесинин 1-пунктунун 1-4-пунктчаларында аныкталган негиздер;

2) электрондук соода операторлорунун реестрине киргизилген юридикалык жакты кайра уюштуруу;

3) юридикалык жакты бажы иши чөйрөсүндөгү укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуу;

4) юридикалык жактын акцияларынын 10 жана андан ашык пайызына ээ болгон, ошол юридикалык жактын акционерлери, анын уюштуруучулары (катышуучулары), жетекчилери, башкы бухгалтерлери болуп саналган жактарды бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу;

5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген башка негиздер.

---

Мурунку берене: [234-2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080/st-234-2)  
Кийинки берене: [234-4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080/st-234-4)
