# 234-1-берене. Электрондук соода операторунун иши

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 6-ноябры № 253 "Бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 253
- Кабыл алынган күнү: 06.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034080/st-234-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5677/edition/40587/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 234-1-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034080/st-234-1

---

1. Электрондук соода оператору Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук соода товарларына карата бажы операцияларын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык жүргүзөт.

Жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларына карата бажы операциялары мындай товарлардын декларанттарынын атынан электрондук соода оператору тарабынан жүргүзүлөт.

2. Электрондук соода операторлорунун бажы операцияларын түздөн-түз жүргүзүүчү кызматкерлерине карата квалификациялык талаптар жана мындай жактарга алардын мындай квалификациялык талаптарга ылайык келишин ырастоочу документти берүү шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [112-10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080/st-112-10)  
Кийинки берене: [234-2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080/st-234-2)
