# 2-берене

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 6-ноябры № 253 "Бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 253
- Кабыл алынган күнү: 06.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034080/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5677/edition/40587/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230034080/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034080/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 360-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"360-берене. Пайдаланууда жана (же) тескөөдө чектелген товарларды, анын ичинде электрондук соода товарларын, ошондой эле шарттуу чыгарылган товарларды жана транспорт каражаттарын пайдалануу жана (же) тескөө тартибин бузуу Пайдаланууда жана (же) тескөөдө чектелген товарларды, анын ичинде электрондук соода товарларын, ошондой эле шарттуу чыгарылган товарларды жана транспорт каражаттарын бажы мыйзамдарында каралгандан, анын ичинде аларга байланыштуу мындай жеңилдиктер берилгенден башка максаттарда пайдалануу жана (же) тескөө - жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";

2) 372-берененин аталышында жана текстинде ар кандай жөндөмө жана сан түрлөрүндөгү "товар" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "товар, анын ичинде электрондук соода товары" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080/st-3)
