# 112-5-берене. Бирликтин бажы аймагына ташылып келүүчү, жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларын чыгаруу

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 6-ноябры № 253 "Бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 253
- Кабыл алынган күнү: 06.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034080/st-112-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5677/edition/40587/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 112-5-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034080/st-112-5

---

1. Бирликтин бажы аймагына ташылып келүүчү, жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларын чыгаруу бажы органы тарабынан төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:

1) Кодекстин 43-1-главасына ылайык электрондук соода товарларына карата бажы алымы төлөнсө;

2) Кодекстин 7-беренесине ылайык тыюу салуулар жана чектөөлөр сакталса;

3) салык мыйзамдарында белгиленген салыктар төлөнсө;

4) бажы органдары товарларды чыгаруу менен байланышкан аракеттерди жасагандыгы үчүн бажы жыйымдары төлөнсө.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн электрондук соода товарларын чыгаруу Кодекстин 119-беренесинде белгиленген мөөнөттөрдө аяктоого тийиш.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн электрондук соода товарлары алар чыгарылган учурдан тартып Бирликтин товарларынын статусуна ээ болот.

---

Мурунку берене: [112-4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080/st-112-4)  
Кийинки берене: [112-6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080/st-112-6)
