# Первомайский айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-майындагы № 4/25 "Первомайский айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен, аймактагы социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган, аз камсыз болгон үй-бүлөѳлөргѳ түз берүү жѳнүндѳ" токтому

- Толук аталышы: Первомайский айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-майындагы № 4/25 "Первомайский айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен, аймактагы социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган, аз камсыз болгон үй-бүлөѳлөргѳ түз берүү жѳнүндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4/25
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034060>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-46270/edition/40199/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Первомайский айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-майындагы № 4/25 "Первомайский айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен, аймактагы социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган, аз камсыз болгон үй-бүлөѳлөргѳ түз берүү жѳнүндѳ" токтому (29.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034060

---

ПЕРВОМАЙСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

29-май 2023-ж. № 4/25

Первомайский айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен, аймактагы социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган, аз камсыз болгон үй-бүлөѳлөргѳ түз берүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен бекитилген " Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу" типтүү жобонун 69-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 токтомун аткаруу максатында, Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.О.Сартпаевдин социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган, аз камсыз болгон үй-бүлөѳлөргѳ колдоо кѳрсѳтүү жѳнүндѳ маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык кенештин XXVIII-чакырылышы кезектеги сессияда

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Первомайский айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун №55-контурдагы чѳп чабынды жерлеринен ижарага тоорук менен эмес, түз сүйлөшүүлөр жолу менен пайдаланууга социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган, тѳмѳнкү аз камсыз болгон үй-бүлөѳлөргѳ берилсин:

- Хазиева Наргиза Фанузовнага – 2,25га жер участкасы,

- Эшбаева Зымырат Жолдошевна -2,25га жер участкасы,

2. Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Сартпаев бул жарандар менен ижара акысы мыйзамдын негизинде карап, 5-жылдык мѳѳнѳткѳ жер участкасын ижаралоо келишимин түзсүн.

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Первомайский айылдык кенешинин жер комиссиясынын тѳрагасы Насиров Эльманга жүктѳлѳт.

Тѳрайым

З.М. Кочкорова
