# Первомайский айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-майындагы № 3\\20 Муниципалдык менчикти жеке менчикке ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ" токтому

- Толук аталышы: Первомайский айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-майындагы № 3\\20 Муниципалдык менчикти жеке менчикке ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4/24
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230034058>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-46268/edition/40197/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Первомайский айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-майындагы № 3\\20 Муниципалдык менчикти жеке менчикке ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ" токтому (29.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230034058

---

ПЕРВОМАЙСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

29-май 2023ж. № 4/24

Муниципалдык менчикти жеке менчикке ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 24-беренесин жана 2002-жылдын 15-марты № 37 «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бѳлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 7-майы № 1196-XII “Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Национальный айылынын тургуну Токтомушев Талантбектин Кыштобековичтин кайрылуусун угуп жана талкуулуп айылдык кенештин XXVIII-чакырылышы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Национальный айылындагы Московская көчөсү №41 муниципалдык менчикте турган турак жай үйү Токтомушев Талант Кыштообековичтин жеке менчигине акысыз негизде өткөрүлүп берилсин:

2. Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Т.Кутманалиева бул токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына мамлекеттик тилде каттоого жөнөтсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышы Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктѳлѳт.

4. Бул токтомду кѳзѳмѳлдѳѳ Первомайский айылдык кеңешинин жер комиссиясынын тѳрагасы Э.М.Насировго жүктѳлѳт.

Тѳрайым

З.М. Кочкорова
