Первомайский айылдык кеңешинин Муниципалдык менчикти жеке менчикке ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ПЕРВОМАЙСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
29-май 2023ж. № 4/24
Муниципалдык менчикти жеке менчикке ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 24-беренесин жана 2002-жылдын 15-марты № 37 «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бѳлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 7-майы № 1196-XII “Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Национальный айылынын тургуну Токтомушев Талантбектин Кыштобековичтин кайрылуусун угуп жана талкуулуп айылдык кенештин XXVIII-чакырылышы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Национальный айылындагы Московская көчөсү №41 муниципалдык менчикте турган турак жай үйү Токтомушев Талант Кыштообековичтин жеке менчигине акысыз негизде өткөрүлүп берилсин:
2. Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Т.Кутманалиева бул токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына мамлекеттик тилде каттоого жөнөтсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктѳлѳт.
4. Бул токтомду кѳзѳмѳлдѳѳ Первомайский айылдык кеңешинин жер комиссиясынын тѳрагасы Э.М.Насировго жүктѳлѳт.
Тѳрайым
З.М. Кочкорова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Чернобылдагы ькыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1196-XII