# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-октябры № 697 "Социалдык кызматкерлер тарабынан балдарды социалдык коштоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-октябры № 697 "Социалдык кызматкерлер тарабынан балдарды социалдык коштоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 697
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033869>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-46138/edition/40018/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033869.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-октябры № 697 "Социалдык кызматкерлер тарабынан балдарды социалдык коштоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (27.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033869

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 27-октябры № 697

Социалдык кызматкерлер тарабынан балдарды социалдык коштоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Социалдык кызматкерлер тарабынан балдарды социалдык коштоону регламенттөө максатында, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 4, 27-беренелерине, "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-1-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Социалдык кызматкерлер тарабынан балдарды социалдык коштоо жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
