# Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтуу кенешинин 2025-жылдын 13-октябрындагы №129 "Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү курултайын ѳткѳрүүнү уюштуруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтуу кенешинин 2025-жылдын 13-октябрындагы №129 "Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү курултайын ѳткѳрүүнү уюштуруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 13.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033854>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-46126/edition/39999/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтуу кенешинин 2025-жылдын 13-октябрындагы №129 "Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү курултайын ѳткѳрүүнү уюштуруу жөнүндө" токтому (13.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033854

---

Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтуу кенеши

ТОКТОМ

Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин

VIII чакырылышынынIX сессиясы

2025-жылдын 13-октябрындагы №129

Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү курултайын ѳткѳрүүнү уюштуруу жөнүндө

Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланыш чындоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №199 тескемесине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды ѳткѳрүү жѳнүндѳ” Жарлыгынын негизинде бекитилген жергиликтүү жамааттардын ѳкүлчүлүктүү жыйындарын ѳткѳрүү боюнча тиешелүү аймакты бѳлүктѳргѳ бѳлүү ченеми боюнча нускамасына” ылайык маселени карап, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Терек айыл аймагынын Этностук коомдук бирикмелердин Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ѳкүлчүлүктүү жыйындарды ѳткѳрүү 2025-жылдын 1-ноябрында саат 10:00 до ѳткѳрүлсүн.

2. Ак-Терек айыл аймагынын Кезектеги IV Элдик Курултайынын курамы калктын санына ылайык 80 делегаттан тураары белгиленсин.

3. Ак-Терек айыл аймагынын Кезектеги IV Элдик Курултайын уюштуруу жана ѳткѳрүү боюнча жумушчу топтун курамы 21 (жыйырма бир) адамдан бекитилсин (№1 тиркеме)

4. Ѳкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу ѳкүлдѳрдү кѳрсѳтүү боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйындары 17-октябрынан 24-октябрына чейин графикке ылайык ѳткѳрүлсүн жана ѳкүлчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бѳлүнѳѳрү эскертилсин. (№2 тиркеме)

5. Ак-Терек айыл ѳкмѳтү Кезектеги IV Элдик Курултайды уюштурууга, жумушчу топко ар тараптуу кѳмѳк кѳрсѳтүүгѳ жана белгиленген мѳѳнѳттѳ графикке ылайык жыйындарга калктын келүүсүн, жыйын ѳтүүчү жайды тиешелүү аппараттар менен камсыздоого милдеттендирилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагын ѳзүмѳ калтырам.

Төрага Эркинбек уулу С.
