# Туз айылдык кеңешинин 17-августундагы 2023-жылдын №57/28-ХIX "Сыйлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Туз айылдык кеңешинин 17-августундагы 2023-жылдын №57/28-ХIX "Сыйлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 57/28-XIX
- Кабыл алынган күнү: 17.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033851>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-46124/edition/39997/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033851.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Туз айылдык кеңешинин 17-августундагы 2023-жылдын №57/28-ХIX "Сыйлоо жөнүндө" токтому (17.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033851

---

ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

17-август 2023-жыл №57/28-ХIX

Сыйлоо жөнүндө Туз айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларын сыйлоо жөнүндө финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы Н.Бектемированын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 145-беренесинин, 2004-жылдын 25-майындагы, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 29 жана 31-беренелеринин негизинде, 30-май 2016-жыл 75-берене, муниципалдык кызматчыларды эмгектин сапаты жана натыйжасы үчүн шыктандыруу максатында Туз айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдын урматына айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларын штаттык ырааттамага ылайык бир эмгек акы 213,3 миң сом суммасында сыйлансын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Туз айылдык кеңешинин төрагасы

Салтыкеев Б.К.
